Сооронбай Жээнбеков алты мамлекеттин ишеним грамоталарын кабыл алды

Сооронбай Жээнбеков алты мамлекеттин ишеним грамоталарын кабыл алды

Бүгүн, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Япония, Гана Республикасы, Испания Королдугу, Молдова, Шри Ланка жана Бахрейн Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы ар бир Элчини жеке Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, алардын кесиптик тажрыйбасы өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө көмөктөшөрүнө ишенимин билдирди.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өлкөлөр менен мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Президент кызматташууну активдештирүү, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөө боюнча Элчилердин активдүү ишин кубаттаарын белгиледи.

Япониянын Элчиси — Сигэки Маэда, Гананын Элчиси — Саути Яхья Идди, Испаниянын Элчиси — Давид Артуро Карриедо, Молдованын Элчиси — Андрей Негуца, Шри Ланканын Элчиси — Нурдин Мохаммед Шахед жана Бахрейндин Элчиси Анвар Юсуф Абдулла Аль Абдулла  Кыргыз Республикасынын Президентин Кыргызстан менен эки жана көп тараптуу мамилелердин толук мүмкүнчүлүгүн ачууга бардык аракеттерин жумшай тургандыктарына ишендиришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>