Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Мамлекет башчы  жалпы мусулмандарга бир ай бою орозо кармаганын айтып,  жалпы журтубузга жакшылык каалады.

«Ыйык Орозо айында дилибизди тазаладык, жан дүйнөбүздү жаӊырттык. Элибизге бекем ыйман, адал эмгек менен жашоону, улуттар арасындагы сый-урматты, биримдикти  тиледик. Коом ичинде мээримдүүлүк жана сабырдуулук, достук жана бир туугандык сезимдер чыңдалды, кайрымдуулук иштери жасалды. Жараткан Кудайым Өзү кармаган орозобузду кабыл кылсын», — деп тилек кылды өлкө башчы.

Президент быйылкы Орозо күндөрүн азыркы мезгилдеги дүйнөлүк апааттан — коронавирус илдетинен сактануу шарттарында өткөргөндү баса белгиледи.

«Элибиздин ден-соолугун, өмүрүн сактоо үчүн  илдеттин жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында зарыл болгон медициналык талаптарды аткарып, катуу тартипти кармадык. Кырдаалды туура түшүнүп, эрежелерге чыдап, сактап келген, мекендештерим, сиздерге ыраазылык билдирем. Биримдик менен жеткен натыйжабызды текке кетирбей, оорунун мындан ары тарашына бөгөт коюу — негизги максатыбыз. Ал эми жергиликтүү бийлик, Өкмөт илдеттин таркап кетишин алдын алууга багытталган иш аракеттерин мындан ары да улантат. Орозо күндөрү ниет кылган аруу тилектерибиз кабыл болсун», — деп жазылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>