Сооронбай Жээнбеков Орусияга жана Венгрияга иш сапары менен барат

Сооронбай Жээнбеков Орусияга жана Венгрияга иш сапары менен барат

Бүгүн, 25-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Министр мамлекет башчысынын алдыдагы Орусияга жумушчу иш сапары менен Венгрияга расмий визитине даярдыктар жөнүндө маалымат берди.

Сооронбай Жээнбеков жумушчу иш сапары менен Орусияга дүйшөмбү күнү, 28-сентябрда барат. Иш сапардын алкагында аталган өлкөнүн президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Орусияга болгон иш сапарын жыйынтыктап, мамлекет башчысы 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга расмий визит менен барат.

Визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Венгрия премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушат, анда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы менен келечеги талкууланат.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле Венгрия президенти Янош Адер жана Улуттук Жыйындын спикери Ласло Кёвер менен жолугушуулар күтүлүүдө.

Мындан сырткары, министр өлкөнүн чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен консулдук мекемелериндеги шайлоо участокторунда 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого даярдыктардын жүрүшү жөнүндө айтып берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>