Сооронбай Жээнбеков Швециянын парламенттик делегациясы менен жолугушту

Сооронбай Жээнбеков Швециянын парламенттик делегациясы менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-январда Риксдагдын биринчи вице-спикери Аса Линдестам баштаган Швеция Королдугунун парламенттик делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнүн артыкчылыктары жөнүндө пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Швеция менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча мамилелерди бекемдөөгө даяр экенин өзгөчө белгиледи.

Швеция парламентинин депутаттары өлкөлөр ортосунда экономикалык байланыштарды бекемдөөгө, соода-экономикалык, тоо-кен иштетүү тармактарында жана экологияны коргоо маселелери боюнча кызматташууну өркүндөтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Швеция тарап мындан ары жемиштүү кызматташууга жана демократиялык институттарды бекемдөө боюнча тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жана Жогорку Кеңештин депутаты, Швеция менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Акылбек Жапаров катышышты.
[su_image_carousel source=»media: 19363,19364,19366,19361,19367,19362,19365″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>