Сооронбай Жээнбеков Таластагы ооруканалардын абалы менен таанышты — сүрөт

Сооронбай Жээнбеков Таластагы ооруканалардын абалы менен таанышты — сүрөт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын маалымат кызматынын билдиришинче иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Талас шаарындагы 100 койко-орундуу күндүзгү стационар менен Талас районунун Көк-Ой айылындагы кароосуз калган үй-бүлөлүк медициналык борбордун имаратын көрүп чыкты. 

Ал ошондой эле Талас районунда Көк-Кашат айылындагы дыйкан чарбанын ишмердүүлүгү менен таанышып, Таш-Арык айылындагы жаңы бала бакчанын имаратын көрдү.

Мындан сырткары, Бакай Ата районундагы «Победа» трансформатор көмөк чордонунун иши менен таанышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков инвесторлорду тартуу менен өлкөнүн бардык аймактарында комплекстүү ооруканалардын курулушу башталаарын белгиледи.

Өкмөткө аймактардагы кароосуз калган имараттарды реконструкция кылуу жана заманбап оорукана катары багытын өзгөртүү үчүн ревизия жүргүзүү сунушталганын эске салды.

Ошондой эле Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында жер-жерлердеги ишкерлерди колдоону күчөтүү өлкөнүн экспорттук потенциалын көтөрүүгө жакшы таасир тийгизе тургандыгын баса белгиледи.

Мындан сырткары, Президент Сооронбай Жээнбеков мындай кыйын мезгилде биринчи кезекте бардык медицина мекемелерин электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо өзгөчө маанилүү милдет экенин белгиледи.

Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы ошондой эле «Манас-Ордо» улуттук комплексине зыярат кылды.

[su_image_carousel source=»media: 35932,35933,35934,35935,35936,35937,35938,35939,35940″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>