Ата-Бейитте курман болгон чек арачылардын эстелиги орнотулат

Ата-Бейитте курман болгон чек арачылардын эстелиги орнотулат

«Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде кыргыз-тажик чек арасында курман болгон чек арачыларга арналып эстелик орнотулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров чек арада курман болгон үч чек арачы – Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаңыбай уулу Тилектин тажыясында билдирди.

Аталган үч чек арачы танк экипажынын мүчөлөрү болуп, куралдуу кагылыш учурунда танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен.

«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны коргоодо аскердик милдетин өтөө учурунда курман болгон аскер кызматчыларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында эстелик орнотулат», — деди ал.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын агрессиясынан улам чыккан куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 62 киши, анын ичинде 40 аскер кызматкери курман болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>