Мамлекеттик кызматтарды проактивдүү форматка өткөрүп, бюрократияны кыскартууну сунуштоодоКыргызстандын калкынын үчтөн биринен көбүн балдар түзөт — 1-июнга карата статистикаНоокатта 390 гектар жайыт калыбына келтирилүүдөОшто аэропортко барчу жол оңдолуп, жол тыгындары азаятСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады1-июнь: Кыргызстанда +37 градуска чейин ысык болот, айрым аймактарда жаан жаайт
Сот активист Мирлан Ураимовду бир жылга эркинен ажыратты
11.09.2023 | 19:14
Бүгүн, 11-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту активист Мирлан Ураимовго карата өкүм чыгарды.
Анын жактоочусу Юлия Богданова билдиргендей, судья ишти Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнөн 321-берененин 1-бөлүгүнө өзгөртүп, аны бир жылга эркинен ажыратуу менен жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө өкүмүн чыгарган.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов “бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоого” шек саналып 2022-жылдын февраль айында кармалган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, ал социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды тараткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар