Жогорку Кеңеш жана БУУ Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу үчүн өнөктөштүктү чыңдашатЖКда Бишкек мэриясын УАМС баатырлары тууралуу маалыматтык стенддерди иретке келтирүүгө чакырышты«Түндүк» Президенттин иш башкармалыгына өттүТашкентте жасалма жол менен жамгыр жаадырылат — президент жарлыкка кол койдуМурдагы депутат Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаздагы» коррупция иши боюнча кармалдыБишкек шаардык кеңеши борбордогу 20га жакын көчөнүн атын өзгөртүүнү жактырды: тизме жана чоо-жайы
Сот Атамбаевдин жана жакындарынын банктагы эсебин текшерүүгө уруксат берди
24.06.2019 | 10:22
Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жанан жакындарынын банктардагы эсебинин документтерин алууга уруксат берген чеим чыгарды. Бул тууралуу “Tazabek” басылмасы жазды.
19-июнда чыгарган райондук соттун токтомунда төмөнкү адамдардын аты-жөнү жазылган:
- Атамбаев Алмазбек Шаршенович;
- Атамбаева Раиса Мирахмедовна;
- Атамбаев Кадырбек Алмазбекович;
- Атамбаева (Шагиева) Алия Алмазбековна;
- Атамбаев Сеилбек Алмазбекович;
- Атамбаев Сейитбек Алмазбекович;
- Атамбаева Диана Алмазбековна;
- Атамбаева Динара Алмазбековна;
- Шаршенов Нурбек Валибекович;
- Шагиева Луиза Фаритовна;
- Шагиева Альбина Рамильевна;
- Байбурин Артур Вилорович;
- Байбурина Лилия Тавфиковна;
- Рахмаджанова Жибек Манасовна;
- Сатыбалдиева Аэлита Жумабековна;
- Бектимиров Раис Эрикович;
- Шагиев Рамил Минахмедович;
- Абдуллаев Кайрат Турдаджиевич;
- Пархати Субихи Вуфуерович;
- Темирбеков Азиз Пайзуллаевич;
- Ахмет Кая;
- Мусакеев Дамир Сагындыкович.
Белгилей кетсек, 20-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу үчүн кол тийбестигинен ажыратуу боюнча токтом долбоорун 100 добуш менен кабыл алган. Парламенттин кортундусу Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар