Сот Индира Жолдубаевага 5 млн сом айып салды

Сот Индира Жолдубаевага 5 млн сом айып салды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча өкүм чыгарды.

Анда айыпталуучулардын бири мурунку Башкы прокурор Индира Жолдубаева да бар. 

Сот Жолдубаеваны Жазык кодексинин 304-берене (коррупция) менен күнөлүү деп таап, 5 млн сом айып салып, наамдарынан ажыратуу чечимин чыгарды. 

Ошондой эле Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылды, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилген жок.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да күнөөлүү деп табылды. Ага эки жыл эркинен ажыратуу өкүмү чыкты. Бирок буга чейин камакта отурганын эсепке алып, жазасын өтөп бүттү деп сот залынан бошотулду.

Мындан сырткары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да күнөөлүү деп табылып, сот аны 11 жыл 2 айга эркинен ажыратты. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>