Сот Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды актады

Сот Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды актады

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын баарын актады.

Белгилүү болгондой, бул иш боюнча милиция 27 адамды кармап, аларга «массалык башаламандыктарга даярдануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бүгүн, 14-июнда сот алардын ичинен 22 кишиге актоо чечимин чыгарды, дагы бешөөнүн иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Ошентип, Кемпир-Абад иши боюнча Али Шабдан, Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева, Эрлан Бекчороев, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Улугбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Айбек Бусурманкулов, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Акыл Айтбаев, Азимбек Бекназаров, Мамбетжунус Абылов, Илгиз Шаменов жана Тимур Махмудов акталды.

Ошондой эле бул иш боюнча кармалган Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши тергөө учурунда эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Кийин соттук кароо учурунда ден соолугуна байланыштуу дарыланууга муктаж болгон Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана учурда парламентке депутаттыкка ат салышып жаткан Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө карала турган болгон.

Эскерте кетсек, 2022-жылы октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын коңшу мамлекетке берилишине каршы чыккан 30га жакын укук коргоочу, активист жана саясатчылар кармалган. Аларга милиция «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен айып таккан.

Аталган иш эл арасында «Кемпир-Абад иши», кармалгандар «кемпир-абадчылар» деп айтылып келет.

Буга чейин прокурор айыпталуучулардын ар бирин 20 жылга абакка кесүүнү суранган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>