Шакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат17-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштады
КРСУ 2026-жылдын салтанаттуу бүтүрүү кечесинин деталдуу программасын жарыялады
24.07.2026 | 13:26

25-июлда «Жаштык Арена» спорттук комплексинде Кыргыз-Орус Славян университетинин тарыхындагы эң ири бүтүрүү кечеси өтөт. ЖОЖ салтанаттуу аземдин деталдуу программасын жарыялады, ал биринчи жолу бардык факультеттердин бүтүрүүчүлөрүн, алардын ата-энелерин, окутуучуларын жана ардактуу конокторун бир аянтчага чогултат.
Программа:
- Саат 13:30 — Бүтүрүүчүлөрдүн жана коноктордун чогулуусу башталат.
- Саат 14:00дөн 15:00гө чейин — Бүтүрүүчүлөрдүн тизилүүсү жана салтанаттуу чыгууга даярдык көрүү.
- Саат 15:00 — Расмий бөлүк башталат. Аземдин алкагында окууда, илимде, коомдук, спорттук жана чыгармачылык ишмердүүлүктө жогорку натыйжаларга жетишкен бүтүрүүчүлөргө артыкчылык дипломдорун жана атайын сыйлыктарды тапшыруу өтөт.
- Саат 16:30дан тарта — Коноктор үчүн Ak Orgo Boys, Jax 02.14, Александр Волкодав, HOLLYFLAME жана «PIZZA» тобунун катышуусундагы концерттик программа тартууланат.
- Саат 18:45тен 20:15ке чейин — Кеченин негизги окуясы — дипломдорду салтанаттуу тапшыруу аземи болот.
Университет ошондой эле катышуучуларга иш-чарага келүү эрежелерин эскертти. «Жаштык Аренанын» кире беришинде көзөмөл-өткөрүү пункту уюштурулат. Кирүү үчүн алдын ала QR-билетти жана өздүгүн тактоочу документти даярдоо зарыл. Кирүү билеттер жана катталган коноктордун тизмеси боюнча гана ишке ашырылат.
Теги: КРСУ