Сөз эркиндиги: Бүгүн журналист Болот Темировго сот өкүмү чыгат

Сөз эркиндиги: Бүгүн журналист Болот Темировго сот өкүмү чыгат

Бүгүн, 28-сентябрда Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист жана “Ютубдагы” Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү Болот Темировго ага ачылган кылмыш иштери боюнча сот өкүмү чыгат.

Соттук жыйын саат 15:00до башталат. Анда журналистке акыркы сөз берилип, сот чечими чыгары күтүлүүдө. Буга чейин 22-сентябрдагы процессте журналистке өкүм чыгары айтылганы менен отурум 28-сентябрга жылдырылган.

Темировго козголгон кылмыш иштери боюнча айыптоочу тарап журналистти беш жылга эркинен ажыратып, өлкөдөн чыгарууну суранууда.

Бүгүнкү соттук жыйында ага өкүм чыгарыла турганына байланыштуу Болот Темиров коомчулукту, коомдогу активдүү жарандарды жана журналисттерди отурумга келип колдоо көрсөтүүгө чакырат. Ал белгилегендей, коомчулуктун колдоосу ага карата акыйкат өкүм чыгышына өбөлгө түзөт.

Эскерте кетсек, быйыл 22-январда милиция атайын багыттагы кызматкерлердин коштоосунда Болот Темировдун кеңсесине барып, аны «баңгизатты мыйзамсыз даярдоого» шектеп кармап кеткен. Ошондой эле «баңгизат» ишине байланыштуу Темиров менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров да кармалган. Бирок коомчулуктун сынынан кийин алар эч жакка кетпөө тилкаты менен кое берилген.

Кийинчерээк Темировго «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча иштер ачылган.

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштерин журналисттик ишине байланыштырып, сөз эркиндигине кысым катары баалап келет. Себеби ал жетектеген «Ютубдагы» Temirov LIVE каналы бийлик, анын ичинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланыштуу иликтөөлөдү жасап келген. Темиров кармалар алдында, 20-январда Temirov LIVE’дын командасы «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» аталышындагы иликтөөсүн чыгарган.

Temirov LIVE командасы жасаган ар бир иликтөө чоң резонанс жаратып, иликтөөдө аты аталган адамдар коомчулуктун сынына кабылып келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>