Спортчулар «Жогорку Кеңешке 85 жыл» медалы менен сыйланышты

Спортчулар «Жогорку Кеңешке 85 жыл» медалы менен сыйланышты

28-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасынын тескемесине ылайык, кыргыз спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар спортчулар, машыктыруучулар жана жигердүү коомдук-саясий иши үчүн мамлекеттик кызматкерлер жана маданияттын өкүлдөрү «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Сыйлыктарды Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Марлен Маматалиев, Шайлообек Атазов жана Равшанбек Рысбаев тапшырды.

Айта кетсек, юбилейлик медаль менен спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова,  «Алыш» бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону  Азизхан Мусабек уулу,   Азия чемпиондору  Роман Сапаров, Элдияр Сексенбаев  Нурсултан Бочонов  сыйланды.

Башкы машыктыруучулар Нурбек Изабековго, Каныбек Абытовго жана башка машыктыруучуларга да медалдар тапшырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>