Сулайманов: Депутаттык мандатты сатып алуу маанисин жоготкудай кылышыбыз керек — видео

Сулайманов: Депутаттык мандатты сатып алуу маанисин жоготкудай кылышыбыз керек — видео

Добуш сата турган болсоңор кымбат сатып, олигархтарды жазалагыла. Мындай пикирди «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Парламентаризм сабактары” берүүсүндө айтты.

Эл өкүлү “Алдыдагы шайлоодо добуш сатып алууну кантип токтотсо болот?” деген суроого жооп берип жатып, шайлоочулар добуш сата турган болсо аны кымбат сатуу аркылуу, мандат сатып алууну токтотсо болорун айткан.

«Мандат сатып алууну токтотуш негизи кыйын. Мен минтип айтат элем: добушту миң сомго эмес, жок дегенде 10 миң, 20 миң сомго сатыш керек. Ошондо 300 миң сомдук мандат 3 миллон долларлык мандатка айланат. Эл ушундай жол менен олигархтарды жазалайт да 3 млн долларга мандат сатып алыш пайдасыз болуп калат. Ошондо билимдүү, акылдуу мандат сатып албаган адамдар келмек”, – деди Сулайманов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>