Кытайда 2019-nCoV вирусун жугузган 9 адам каза болду

Кытайда 2019-nCoV вирусун жугузган 9 адам каза болду

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы 13 провинциядан 440 киши 2019-nCoV вирусун жуктуруп алганын, өлгөндөрдүн саны тогузга жеткенин маалымдады. Илдет кишиден кишиге жугары айтылууда.

Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарына жаныбарларды алып кирүүгө тыюу салынды. Вирус алгач ушул аймактан тараган.

Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун башкы директору Гао Фу жаңы вирус мутация жана адаптация болорун, аны көзөмөлдөө үчүн кошумча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Бир күн мурун АКШда 2019-nCoV вирусун жугузган алгачкы адам катталган. Бейтап Сиэтлге Кытайдан өткөн жумада учуп келген. Дарыгерлер аны өпкөсүнөн кагынган деп катташкан, тест анын өпкөнү сезгенткен жаңы вирус жугузганын аныктаган. 30 жаштагы ноокастын абалы учурда туруктуу.

Шаршембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалды талкуулайт. Уюм глобалдык эпидемия коркунучун жарыялашы күтүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>