Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Сулайманов шайлоого бир мандаттуу округдан аттанат
03.10.2021 | 12:55
“Альянс” саясий партиясы бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына Алтынбек Сулайманов менен Алмаз Тарыкбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Тиешелүү чечим партиянын съездинде кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына Сулайманов №5 Ноокат шайлоо округунан ат салышса, Тарыкбаев №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан ат салышат.
Кыргызстанда 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет. Шайлоого катышуу үчүн 72 партия БШКнын каттоосунан өткөн. Ал эми учурда 76 талапкер бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат