Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Сунуш: КТРК, ЭлТР калсын, бөлөк мамлекеттик медиа сатылсын
27.10.2021 | 15:55
КТРК менен ЭлТРден башка мамлекеттик медиа сатылсын. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго сунуштады.
Акаев “өкмөттүн бир сайтынынын бир жылдык бюджети 30 млн. сом. ЭлТР менен КТРК бийлик үчүн жетет го. Калганына 1 млрд. сомдон ашык бюджеттен акча кетип жатат. Ошол себептен калганын жеке менчикке сатыш керек” – деди.
Жапаров “пайдасыз, керексиз акчалар бюджеттен жөнү жок кетип жатат. Анын арасында масмедиа боюнча структураларды Эдил Байсалов карап жатат. Өкмөттүн карамагында көп киреше алып келе турган, өзүн-өзү бага турган мекемелер калат. Масмедиада да ушундай болот” деп жооп кайтарды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат