Суу тартыштыгы маселесин чечүүгө канча каражат керектиги айтылды

Суу тартыштыгы маселесин чечүүгө канча каражат керектиги айтылды

Бишкекте суу топтомдорун куруу үчүн 100 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат керек. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

Жыйында республикада ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы тууралуу көйгөйлүү маселелер талкууланууда.

Шамыралиев бир суу топтомун курууга 150 млн сом керек экенин айтты.

“Баш-Кара-Суу суу топтомунун жанынан 4 гектар жер, Сельский суу топтомунун жанынан 3 гектар, Контррезервуар суу топтомунунун жанынан 4 гектар жер керек. Бир суу топтомун курууга жок дегенде 150 млн сом, жалпы 500 млн сомго чейин каражат талап кылынат”, — деди Жыргалбек Шамыралиев.

Жыйында депутат Марлен Маматалиев мэриянын бюджетинде мындай каражат жок экенин айтып, “бүгүн бул маселени карап, жок дегенде 150 млн сом бөлүп берүүнү чечип берели”, — деди.

Бишкектеги суу тартыштыгы: Мэрия маселени чечүү жолдорун айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>