Милиция мугалимдерге экстремизм боюнча семинар өткөрдү

Милиция мугалимдерге экстремизм боюнча семинар өткөрдү

Ысык-Көл жана Талас облустарынын мугалимдери менен экстремизмди алдын алуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын демилгеси менен аталган облустардагы мектептерде дин таануу боюнча сабак берген мугалимдерге, социалдык педагогдорго «Коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштѳѳнүн теориялык жана практикалык негиздери» аталыштагы семинар ѳткѳрүлгөн.

«Аталган семинарды ИИМдин ЭММКАКнын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери Манас Аманбаев «Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу», «Экстремисттик жана террористтик уюмдардын, материалдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү», «Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты» аттуу темалар боюнча атайын даярдалган слайддар аркылуу баяндамаларды жасап, видеотасмаларды көрсөттү.

Ошондой эле, окуучулардын экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдарга азгырылуусун алдын алуу максатында жалпы коомчулук менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү», — деп айтылат маалыматта.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер жооп берип, аягында аларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан даярдалган, диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча усулдук китепчелер, буклеттер таратылган.

Белгилей кетсек, бул иш-чара «Борбор Азиядагы Евразия фонду»  коомдук фонду жана ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте ѳткѳрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>