Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Суучул Денис Петрашов Катардагы дүйнө чемпионаттын жарым финалына чыкты
13.02.2024 | 23:14
Суучул Денис Петрашов Катарда өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк чемпионатта жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.
Турнир ушул күндөрү Дохада өтүп жатат. 13-февралда Петрашов 50 метр аралыкка брасс боюнча старт алып, ага жалпысынан 60 спортчу катышкан. Ал финалдык таймашка чыгып, 27,1 секунддук көрсөткүч менен бешинчи орунду ээледи. Алдын ала жыйынтык менен ал жарым финалга өттү.
Жарым финалдык беттештер 14-февралга караган түнү башталат. Петрашов экинчи жарым финалда чыгат. 11-февралда ал 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүп, финалдык 13-орунду ээлеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт