Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керекБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт
Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкекте майрамдык иш-чаралар өтөт — программасы
28.05.2026 | 16:40

1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Бишкек шаарынын борбордук аянтында жана райондорунда майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар саат 10:00дө башталат. Аянттагы фонтан комплексинин жанында фотозоналар, кызыктуу сынактар, мастер-класстар жана спорттук мелдештер өткөрүлөт. Ошондой эле улуттук тамак-аштар сунушталган фудкорттор иштейт.
Саат 17:00дөн тарта аянтта VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалы уланат. Анда чет өлкөлүк делегациялардын жана Балдар чыгармачылык борборлорунун катышуусунда концерт өтөт. Иш-чаралар дискотека жана достук кечеси менен жыйынтыкталат.
Биринчи май районунда:
- Панфилов паркында саат 09:00дөн 18:00гө чейин аттракциондорго жеңилдетилген баалар (балдар — 80 сом, чоңдор — 150 сом) болот. Ошондой эле мастер-класстар жана кол өнөрчүлүк жарманкеси өтөт.
- Нариманов скверинде саат 16:00дө майрамдык программа башталат.
- «Бишкек Парк» соода борборунда саат 15:00дөн баштап аниматорлордун шоусу жана мастер-класстар уюштурулат
- «Вефа» соода борборунда саат 15:00дө майрамдык концерт.
Свердлов районунда:
- 1-июнда саат 14:00дөн тарта ГУМ жана Old Bishkek борборлорунда балдар үчүн программалар өткөрүлөт.
- «Дордой Плаза» соода борборунда саат 18:00дөн 21:00гө чейин жана «Мамалак» паркында саат 15:00дөн 16:00гө чейин музыкалык жана бий программалары, оюндар, аниматорлордун иши жана аквагрим уюштурулат.
Ленин районунда:
- 31-майда саат 18:00дөн 22:00гө чейин «Азия Молл» соода борборунда Amirchikтин катышуусунда концерт, DJ-сеттер, бийлер жана тематикалык аянтчалар иштейт.
- 1-июнда саат 12:00дө Фучик паркында концерттик программа, спорттук оюндар жана сынактар өтөт.
- Саат 11:00дө «Ак-Ордо» конушунда спорттук иш-чара, ал эми саат 12:00дө «Ала-Тоо» конушунда майрамдык программа уюштурулат.
- Саат 12:00дөн 20:00гө чейин «Ала-Арча» соода борборунда үй-бүлөлүк жарманке жана шоу-программа өтөт.
- Саат 12:00дөн 22:00гө чейин «Евразия» паркында театралдаштырылган көрсөтүүлөр, музыкалык топтордун концерттери жана балдардын сүрөт көргөзмөсү болот.
Октябрь районунда:
- 1-июнда «Таш-Рабат» соода борборунда балдар үчүн шоу өткөрүлөт.
- Sky Park Baytik оюн-зоок паркынын экинчи бөлүгүнүн ачылышы болот.
- Саат 12:00дөн 18:00гө чейин Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында Color Fest фестивалы, программалар жана Бегиштин катышуусундагы концерт уюштурулат.
- «Ынтымак-2» сейил багында саат 14:00дөн 16:30га чейин «Баарыбыз бирге» фестивалы, оюндар жана бий флешмобдору өтөт.
- «Ынтымак-2» сейил багында саат 17:00дөн 20:00гө чейин D Billions тобунун жана «Ак Шоола» балдар хорунун катышуусунда программа өтөт. Ага мастер-класстар, анимация жана бийлер киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек