Ошто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылдыКыргызстанда калкка сатылуучу көмүрдүн баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилдиЫсык-Көлдө «Ак Илбирс» илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылды
Суусамырда депутат сууга чөгүп кетти
13.05.2022 | 15:27
Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылынын депутаты Бакир Исаков Суусамыр суусуна чөгүп кетти. ӨКМдин кызматкерлери чара көргөн жок. Бул тууралуу анын эжеси Назима Исакова билдирди.
Анын айтымында, Бакир Исаков ӨКМдин кызматкерлери менен биргеликте Суусамыр суусунун ортосунда такалып калган атын чыгаралы деп жатышкан.
“Кайык көмкөрүлүп кетип, алар сууга кулап кетишти. Агам ӨКМ кызматкерин жээкке түртүптүр, өзүнүн жиби үзүлүп, аны суу агызып кетиптир. Кызматкерлер бир гана кесиптешин эмес, агамды дагы куткаруу үчүн чара көрүшү керек болчу. Үч күндөн бери аны таппай жатышат. Бизге 23 куткаруучу тартылганын билдиришти. Калган издеп жаткан адамдардын баары биздин адамдар”, – деди Назима Исакова.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом