Сузак: “Кадастрдын” жетекчи орун басары кармалды

Сузак: “Кадастрдын” жетекчи орун басары кармалды

Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузакдагы филиалынын директорунун орун басары «С.З.Т.» кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 1 миллион 21 миң 560 сом зыян келтирилген. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузакдагы филиалынын кызматкерлери өзүнүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, суу коргоо зонасынын аймагында жайгашкан жер тилкесин «Калктуу конуш» категориясына которуу боюнча тиешелүү документтери, ошондой эле укукту аныктоочу документтери жок болгонуна карабастан берип жибергени аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жалал-Абад шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>