Сузакта 10 миң тургунду электр энергия менен камсыз кыла турган ГЭС ишке кирди
Жалал-Абаддын Сузак районунда “Көк-Арт” чакан ГЭСи ишке берилди. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кичи ГЭСтин курулушу 2023-жылдын августунда башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу – 6,8 МВт. Жылына болжол менен 25 млн кВт/саат энергия иштеп чыгат.
Жапаровдун айтымында, ГЭСтин курулушуна 7,8 млн доллар сарпталган. Акчанын жарымын Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду, калганын жеке инвестор бөлгөн.
“Көк-Арттан” ГЭСи Сузак районунун 10 миңден ашык тургунун электр энергия менен камысз кыла алат.
Ал билдиргендей, “Исфайрам-1”, “Белес”, “Авлетим”, “Лейлек”, “Курак-Тектир”, “Адын-Үңкүр”, “Буйга”, “Кожо-Кайыр”, “Кара-Жыгач”, “Ленинполь” жана “Аманат” ГЭСтери да ишке кирүү алдында турат. Аталган ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 140 мегаваттка жакын болот.
[image_carousel source=”media: 212443,212442″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]