Айыл чарба министрлигинде Ош жана Баткен облустарынын багбандары менен МЖӨ долбоорлору талкууландыПрезидент Талас шаарында «Акылман» лицейин ачтыТаласта 350 млн долларга бензин жана битумду кайра иштетүүчү комплекс курулатКыргызстандыктар июль айында 51,6 млрд сомго насыя алышты — керектөө насыялары кайрадан алдыдаСССРдин кыйрашынан чоң саясатка чейин: Кыргызстандын эгемендигине 35 жылТалас шаарында КУУнун институтунун жаңы окуу имараты ачылды
Сузакта апасы кыздарын сабады. Атасы милицияга арыз менен кайрылды (видео)
02.08.2022 | 21:36
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда апасы кызын бир нече жолу жаакка чаап жиберген. Видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалым болгондой, окуя Жыгач-Коргон айылында болгон. Аял жергиликтүү мектепте мугалим болуп иштейт.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, атасы милицияга арыз менен кайрылган.
Милициянын маалыматына караганда, 37 жаштагы аял 18 жана 22 жаштагы эки кызын сабап салган. Кайрылуу «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси боюнча маалыматтарды каттоо журналына катталган.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар