Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Сузакта бала бакчанын жетекчисине кылмыш иши козголду
15.03.2022 | 12:35
«Элхан» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси «Г.Б.» аттуу жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Сузак районунун Барпин айыл өкмөтүндө жайгашкан бала бакчанын башчысы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2015-2021-жылдар аралыгында аталган бала бакчага жасалма кызматкерлерди орнотуп, алардын эмгек акысын алып жүргөнү аныкталган.
Маалым болгондой, мамлекетке 1 миллион 170 миң 200 сом зыян келтирилген.
Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан КРные Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар