Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Сузактагы №1 «Кенжетай» бала бакчасындагы балдардын сабалышы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Жаманбаева тарбиячылар тарабынан сабалган балдардан кабар алып, алардын ата-энелер менен жолуккан. Ага үч ата-эне балдарынын укугун коргоо өтүнүчү менен кайрылган. Ур-токмокко кабылган бөбөктөр 2, 3 жана 4 жашта.
Ата-энелеринин айтымында үчөөнүн тең денелеринин ар-жерлери көгөрүп, тытылган.
«Менин балам бул бала бакчага 2022-жылдын күз айынан тарта барат. Акыркы учурларда баламдын ар-жери көгөрүп, кулагынын арты тытылып келгенде, тарбиячыларынан сурасам, «балдар менен уруша кетишти» деп койчу. Баламды тарбиячылары уруп жүргөнүн 29-ноябрь күнү билдик. Учурда балам башы, бели ооруп жатканын көрсөтүп, ыйлап, кусуп жатат», — деди балдардын биринин апасы.
Балдар психологиялык жардам алууга муктаж.
Дагы бир ата-эненин айтымында, бала бакчанын кызматкерлери алардан 700 сомдон чогултуп, видеокөзөмөл камераларын орноткон. Бирок алар тартылган видеолорду көрөлү деп сураганда, бала бакчанын жетекчиси камералар эч нерсе жазбай турганын айткан.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Сузактагы №1 Кенжетай балдар бакчасында тарбиячылар балдарды сабап жатканы тартылган видео тараган. Ошондой эле балдар үчүн тамак жасалган ашканадагы санитардык абалдын начардыгы көрсөтүлгөн.
Кийинчерээк прокуратура окуя боюнча териштирүү жүргүзүп, 187-беренеси (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо), 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 348-беренеси (шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Сузактагы бала бакчадагы балдардын сабылышы: Үч берене боюнча кылмыш иши козголду