Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелген жаран эки айга камалды. Бул тууралуу Reporter.kg′ге облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын сентябрь айынын аягында үйүндө 1980-жылы туулган Н.К. аттуу атасы зордуктаганын билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Окуяга шектүү катары 43 жаштагы Н.К. аттуу жаран кармалып, эки айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз