Сузакта окуучуну урган мугалим иштен кетпей калды

Сузакта окуучуну урган мугалим иштен кетпей калды

Сузакта окуучуну сабаган мугалимдин жумуштан кетүү тууралуу арызы канааттандырылган жок. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов “Азаттык” радиосуна кабарлады.

“Мугалимге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, дарылануудан кийин жумушун улантат”, — деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов.

26-майда социалдык тармактарда тараган видеодо окуучуну ур-токмокко алган мугалим жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганы кабарланган. 25-майда сабак учурунда мугалимдин окуучуну сабаган видеосу интернетке тараган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул боюнча териштирүү башталганын билдирген болчу.

23-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте информатика сабагынан берген мугалим 7-класстын окуучусун сабап койгон.

Азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>