Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Сүлүктү шаарынын мэриясынын мыйзам бузуулары ачыкталды
27.01.2023 | 18:52
Эсептөө палатасы Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын 2020-2021-жылдагы бюджетти аткарышы, мэриянын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн сакталышы боюнча аудит жүргүзгөн. Текшерүү учурунда 700 миң сомдон ашык мамлекеттик каражат максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Финансылык текшерүү Сүлүктү шаарынын муниципалитетинде, Финансы министрлигинин Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгында жана алардын муниципалдык мекемелеринде жүргүзүлгөн.
Аудиттин жыйынтыгында 780,1 миң сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталган. Анын ичинде;
- товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги – 4,5 миң сом,
- иш сапардык чыгымдардын ашыкча төлөнүшү – 13,8 миң сом,
- курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жана өздүк наркын ашыкча баалоо – 36,6 миң сом,
- максатсыз пайдаланылган мамлекеттик каражаттар — 709,1 миң сом,
- бюджетке кошумча чегерилген кирешелер — 16,1 миң сом.
- эмгек акынын негизсиз төлөнүшүнө байланыштуу бюджеттин 60,0 миң сом чыгымы аныкталган.
Мындан улам финансылык тартип бузуулардын ичинен 745,7 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш. Текшерүүнүн жүрүшүндө 34,4 миң сом өндүрүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика