Таэквон-до ITF боюнча курама дүйнө чемпионатында 7 медаль жеңди

Таэквон-до ITF боюнча курама дүйнө чемпионатында 7 медаль жеңди

Кыргызстандын таэквон-до ITF боюнча курамасы Астана шаарында (Казакстан) өткөн дүйнө чемпионатында 7 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 19-26-август күндөрү өтүп, ага 68 өлкөнүн спортчулары катышкан.

Кыргызстандын атынан мелдешке 22 спортчу барып, 1 күмүш, 6 коло медаль уткан.

Байге ээлери:

65 кг: Рамиз Дайстроков өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча күмүш медаль.

65 кг: Айназик Абдужаббирова өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча коло байге;

64 кг: Элиза Шаршекеева өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча коло байге;

63 кг: Петренко Владислав өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча жана юниорлор арасында жеке техникасы боюнча коло байге медаль;

69 кг: Муслим Толкумбаев өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча коло медаль.

62 кг: Гүлзара Михманова ардагерлер арсында спарринг боюнча 3-орун;

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>