Ноокенде тургун 15 жаштагы баланы башка атып салган. Окуянын чоо-жайы

Ноокенде тургун 15 жаштагы баланы башка атып салган. Окуянын чоо-жайы

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 42 жаштагы тургун 15 жаштагы баланы мылтык менен башка атып, өспүрүм каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 26-августка караган түнү болжол менен саат 00:30да болгон. Шайдан айыл аймагынын 42 жаштагы С.Б. аттуу тургуну айылындагы өзүнөн кичүү бала менен уруша кетип, айылдашы аны сабап салган. Көп өтпөй ызаланган жаран чырдаша кеткен айылдашы жана башка балдар турган жерге мергенчилик мылтыгын (тиешелүү документтери болгон) көтөрүп келген.

Караңгыда айылдагы почтанын жанында топтолуп турган балдарга карата ок чыгарып, анын аткан огу 15 жаштагы балага тийген (ок бөлөк адамга тийген). Алган жараатынан улам өспүрүм ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Шектүү окуя болгон күнү эле милиция тарабынан колго түшүрүлгөн.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>