Шаар тургунун 1,1 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Шаар тургунун 1,1 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте шаар тургунун алдап кеткени үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр апрель айында Н. аттуу жаран шаар тургунунун ишенимине кирип, «Россиядан асыл тукум койлорду алып келип берем» деп 650 миң сом акчаны банк аркылуу котортуп алган. Кийинчерээк 2-майда койлорду жүктөп жөнөтүү үчүн дагы 5 миң доллар алган. Бирок убадасын аткарбай, байланышка чыкпай койгон. Бул окуя боюнча алданып калган жаран 7-июлда милицияга кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу милиция тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда Б.Н. аттуу шектүү өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болуп, ал мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Быйыл 21-августта издөөдө жүргөн 29 жаштагы Б.Н. Россиянын аймагында кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Соттун чечими менен шектүү 22-сентябрга чейин камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар болсо 0705 777 505, 0779 883 331 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>