ГКНБ Нарын районунда 1346 гектар катталбаган жерди аныктадыБШК президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо тартибин түшүндүрдүӨкмөт башчы кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктадыКөпчүлүк аймактарда жаан жаайт: 10-ноябрга карата аба ырайынын божомолуБишкекте кышкы мезгилге карата 190 орундуу баш калкалоочу жайлар ачылдыАла-Арчада жоголгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү тоңгон абалда табылды
Талантбек Исаевке карата козголгон кылмыш иши жабылды
04.12.2019 | 14:22
ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башчысы Талантбек Исаевке карата козголгон кылмыш иши жабылды.
“Исаев 2011-жылы “Манас менеджмент” жеке ишканасында иштегендиги “Укук коргоо органдары” тууралуу мыйзамдын талаптарына каршы келбейт. Ага пайызсыз насыя жеке компания тарабынан берилгендиктен бул мыйзам бузууга жатпайт”, – деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жакында эле УКМК тарабынан Талантбек Исаевге карата Жазык кодексиндеги “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши ачылган.
Атайын кызмат сотко чейинки өндүрүш иши Исаевдин 2011-жылы “Манас Менежмент” компаниясында иштеп турган учурдагы каржылык маселеге байланыштуу иликтенип жатканын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар