«Жасалма интеллект (ИИ) деп айтпаш үчүн» — спортчу кыз Садыр жана Айгүл Жапаровдорду Ысык-Көлдөн кокусунан жолуктуруп калдыБишкектиктерге ысык суу качан берилери белгилүү болдуКыргызстандын бийлиги туристтерге орой мамиле кылгандар катаал жазаланарын эскерттиБишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттүӨКМ башчысы Баткендеги сел кооптуу тилкелерде коргоо иштерин тездетүүнү тапшырдыАла-Арчада япониялык эки турист куткарылды — видео
Талантбек Исаевке карата козголгон кылмыш иши жабылды
04.12.2019 | 14:22
ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башчысы Талантбек Исаевке карата козголгон кылмыш иши жабылды.
“Исаев 2011-жылы “Манас менеджмент” жеке ишканасында иштегендиги “Укук коргоо органдары” тууралуу мыйзамдын талаптарына каршы келбейт. Ага пайызсыз насыя жеке компания тарабынан берилгендиктен бул мыйзам бузууга жатпайт”, – деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жакында эле УКМК тарабынан Талантбек Исаевге карата Жазык кодексиндеги “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши ачылган.
Атайын кызмат сотко чейинки өндүрүш иши Исаевдин 2011-жылы “Манас Менежмент” компаниясында иштеп турган учурдагы каржылык маселеге байланыштуу иликтенип жатканын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар