Талантбек Масадыков президенттик шайлоого катышуудан баш тартты – видео

Талантбек Масадыков президенттик шайлоого катышуудан баш тартты – видео

 Эл аралык эксперт Талантбек Масадыков президенттик шайлоого катышпай тургандыгын жарыя кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына билдирүү жайгаштырды.

Эксперт мунун себебин парламенттик кайра шайлоо өз учурунда өтпөй, Баш мыйзамдын талаптарынын бузулуп жатышы менен байланыштырган.

“Парламенттик шайлоо, андан киийн президенттик шайлоо өтүшү зарыл. Эгер ким болбосун, туура эмес жол менен президент болуп келсе, ал президенттин чечимдери туура эмес болот жана анын аткарылышын кантип талап кыла алат? Бул эл аралык коомдо түшүнбөстүк жаратат”, – деп айткан Масадыков.

Муну менен бирге ал, жаңы бийликтин иш аракетин дагы сындап, мыйзам талаасына чыгуусу керектигин эскерткен.

“Аракеттенип жаткан жаңы бийлик ар кандай катачылыктарды кетирип, мыйзамдарды да бузуп жатат. Анын кесепетинен эл аралык уюмдар жана коңшу мамлекеттер түшүнбөстүк менен карап, биз менен мамиле түзүүдөн баш тартып турушат. Ушундай шартта мен президенттик шайлоодон баш тартууга мажбурмун. Мен үчүн бийлик биринчи орунда болгон эмес, элибиздин, мамлекетибиздин тагдыры баарынан артык”, – деган ал өз кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, Таалатбек Масадыков 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, 10 миңден ашуун шайлоочунун добушу менен бешинчи орунду алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>