«Талас» аэропорту жаңыланат

«Талас» аэропорту жаңыланат

Бүгүн, 7-апрелде «Манас» аэропортунун төрагасы Манасбек Самидинов иш сапары менен Талас шаарында орун алган «Талас» аэропортуна барды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Манасбек Самидинов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү – президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Аскар Шабдановдор менен Талас аэропортунун жана аэродромдун курулуш иштеринин башталышы тууралуу маселени талкуулашты.

Манасбек Самидинов белгилегендей, «Манас» эл аралык аэропорту Транспорт жана коммуникациялар министирлиги менен бирдикте, асфальт-бетон төшөлгөн элементтердин андан аркы оңдоо-калыбына келтирүү иштерин өткөрүп берүүнүн жол-жобосун иштеп чыгууда.

Мындан сырткары «Талас» аэропортунун аэродромунун учуп-конуу тилкеси, рулеждук жолчосу жана перрондорду оңдоп-түзөө пландалууда. Ал кошумчалагандай, бул аткарылып жаткан иштер мамлекеттин пайдасына каражаттарды үнөмдөө максатында жасалууда.

Ошондой эле, жолугушууда «Манас» эл аралык аэропортунун инфраструктура жана региондук өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов, учурда «Талас» аэропортунун жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык иш-кагаздары аяктоо этабында экенин айтты.

Эскерте кетсек, Талас аэропорту ишке берилсе саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала турганга шарт түзүлмөкчү. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2023-жылдын 3-4-кварталын түзөт. 2019-жылы «МЭА» ААКнын өз күчү менен Талас аэропортунун аймагын тосуп-курчоо боюнча курулуш-монтаждоо иштери аткарылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>