Талас: Депутаттар менен жолуккан эл кандай көйгөйлөрдү көтөрдү?

Талас: Депутаттар менен жолуккан эл кандай көйгөйлөрдү көтөрдү?

Жогорку Кеңештин Транспорт коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети Талас облусунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, адегенде комитет мүчөлөрү Ак-Коргон айылындагы И.Орозалиев атындагы мектептин учурдагы абалы менен таанышты. Алсак, мектептин дубалдарынан жарака кетип, үстүнөн тамчы таамп балдарды окутууга кооптуу боло баштаган. Ага ылайык, жергиликтүү тургундар жаңы мектеп салдырып берүүнү суранышты.

Комитеттин төрагасы Бактыбек Сыдыков өлкөдөгү абал жана жасалып жаткан иштер туурасында айтып берди. Ал эми мектеп куруу боюнча тургундардын өтүнүчүн жакынкы жылдарда бүткөрүү туурасында сөз болду. Андан тышкары, ак-коргондуктар бийик тоолуу аймакта жашагандыктары үчүн тиешелүү коэффициентти төлөтүп берүүнү талап кылышты.

Андан соң эл өкүлдөрү Талды-Булак — Көпүрө-Базар жолун көрүп чыгышты. Жолдун абалы начарлап кеткен. Быйылкы жылы 1 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Кийинки жылдары да оңдоо-түзөө иштери улантылары белгилүү болду. Жалпы алганда Талас району боюнча быйыл 17 км жолго асфальт басылган.

Депутаттардын кийинки сапары  Көпүрө-Базар айылында уланды. Айылдыктар менен болгон жолугушууда Ашуу-Төр аймагы аркылуу Сосновкага түшө турган жолду салуу туурасында сөз болду.

Жергиликтүү элдин айтымына караганда, Өтмөк, Төө-Ашуу ашууларын ашканга караганда Ашуу-Төр аймагы аркылуу жүрүү кыйла ыңгайлуу, салыштырмалуу кыска жол болмок. Депутат Бактыбек Чойбеков бул боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигине тапшырылганын, аталган министрлик аны иликтеп техникалык-экономикалык негиздемесин даярдай турганын билдирди. Ушул эле жерде тургундар бир ооздон Андаш алтын кенин казууга каршы экендиктерин айтышты. Эл менен болгон жолугушуудан кийин депутаттар эскилиги жеткен айылдык оорукананы көрүп чыгышты. Ооруканада дарыгерлер жетишсиз болуп жатканы чоң көйгөй катары айтылды.

Ал эми Арал айылындагы Нанаев орто мектебинин курулушу менен таанышкан депутаттар дээрлик 95%ы бүтүп калган билим берүү мекемесин бүтүрүү керек деген чечимге келишти. Курулуш материалдарынын кескин кымбаттап кеткенине байланыштуу баанын айрымасын индексациялоого байланышкан маселени тезинен чечип берүүнүн зарылдыгын белгилешти. Андан тышкары аксакалдар жол, суу көйгөйлөрүн козгошту.

Ушул эле күнү эл депутаттары Чат-Базар айылындагы А.Оторбаев атындагы орто мектептин абалы менен таанышып, айыл тургундары менен баарлашты. Мектеп акыркы жылдары ным басып, чирий баштаган. Андыктан мектепти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлчүлүгү карап чыга турган болду.

Ошондой эле Ш.Шеркулов атындагы эски мектептин жанында жаңысы курулуп баштаганы менен чатыры жабылбай турат. Эл каржылык маселесин толук чечип, курулушту аягына чыгарууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>