Азербайжандын преизденти Ильхам Алиев эртең Кыргызстанга келет

Азербайжандын преизденти Ильхам Алиев эртең Кыргызстанга келет

Ушул жылдын 11-12-октябрь күндөрү Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары күтүлүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, буга байланыштуу Ички иштер министрлиги мыйзамдуулукту жана тартипти талаптагыдай деңгээлде камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатат.

Учурда коопсуздукту жана коомдук тартипти талаптагыдай камсыздоо максатында ыкчам штаб түзүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын эсептөө иштери жүргүзүлүп, ага ылайык 4 миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тартылат.

Расмий иш-чаралар учурунда милиция коопсуздукту жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун толук камсыздайт жана ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>