Талас: Казакстанга 12 баш жылкы уурдап кеткен шектүүлөр кармалды

Талас: Казакстанга 12 баш жылкы уурдап кеткен шектүүлөр кармалды

Талас облусунда мал уурдоого шектүү эки жаран камалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, былтыр 6-декабрына караган түнү ​Кара-Буура районунун Ак-Жар айылынын Б.А. уулуна жана И.Ж. аттуу тургундарынын 12 баш жылкысы уурдалып, Казакстанга өткөрүлүп кеткен.

Аталган факты 2023-жылдын 1-январь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, алдын-ала тергөө амалдары жүргүзүлүп баштаган.

Бул кылмыштын бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери Казакстанга иш сапары менен барып, ИИОнын кызматкерлери менен мал уурулук фактысы боюнча атайын жумушчу топ менен​ ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп келишкен.

21-февраль күнү аталган кылмышка шектүү катары Кара-Буура районунун Кара-Сай айылынын 46 жаштагы ​М.Э. уулу жана ​Куру-Маймак ​айылынын ​39 жаштагы М.А. аттуу тургундары кармалган

«Бүгүнкү күнү тийиштүү тергөө амалдары жана иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>