Ысык-Көлдө милиционерлер генералдар менен жолугушту

Ысык-Көлдө милиционерлер генералдар менен жолугушту

Каракол шаарында ИИМдин Генералдар клубунун мүчөлөрүнүн Ысык-Көл облустук милициянын өздүк курамы менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, генералдар клубунун төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, президенттинЫсык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетовдор катышышкан.

Иш-чара жүктөлгөн милдеттерди так аткарган, коомчулуктун ыраазычылыгын жараткан, адеп-ахлакты, таалим-тарбияны өзүнө бекем сактап, жогорку моралдык ченемдерди туу туткан кызматкерлерди атуулдук рухунда тарбиялоо максатында уюштурулган.

Иш-чара легендарлуу генерал Ажыке Кутманалиевдин айкелине гүлчамбарлар коюлуп, элесин эскерүү менен башталган. Андан соң жолугушуу Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгүндө уланган.

«Бүгүнкү жолугушууга жогорку офицердик курамдын ички иштер органдарынын ардагерлери, советтик жана постсоветтик мезгилдеги ички иштер органдарынын системасында көптөгөн реформаларды башынан өткөргөн, атактуу генералдарыбыз келип жатышат. Алар эгемендүү Кыргызстандын жаңы милициясынын түптөлүшүнүн башатында турганын айткым келет. Алар бүгүн биз менен өздөрүнүн кесиптик билимдери жана баа жеткис турмуштук тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр», — деп белгиледи Адылбек Бийбосунов.

Өз кезегинде жолугушууга келген ардагерлер белгилегендей, эгемендүү мамлекет түптөлө баштаганда, милиция кызматкерлери өтө татаал шарттарда иштөөгө туура келген. Алар кээде электр жарыксыз, техникасыз жана жылуулуксуз иштеп, документтерди машинкаларга кол менен басып чыгарышкан. Бүгүн милиция кызматкерлери бардык зарыл болгон материалдык-техникалык база менен жабдылган.

«Учурдагы милиция кызматкерлеринин милдети — ар дайым өзүн-өзү өнүктүрүү, чыгармачылык жана спорттук тенденцияларды арттыруу болуп саналат. Ал эми, жаш кызматкерлерге бекитилген наасатчылар жана ардагерлер өздөрүнүн кеңештерин берип, жардам көрсөтүшү керек», – деп билдирди ардагер Садырбек Дубанаев.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Орунбай Кочкоров меймандарды, бүгүнкү милициянын жаш мууну ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жогорку наамын татыктуу алып жүрүүгө бардык күч-аракеттерин жумшарына ишендирип кеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>