Талас: Өгөй атасынан 13 жашар кыздын боюна бүткөнү аныкталды

Талас: Өгөй атасынан 13 жашар кыздын боюна бүткөнү аныкталды

Талас облустун Манас районунда 13 жаштагы кыздын өгөй атасынан боюна бүткөнү аныкталды. Бул туурасында Reporter.kg′ге Талас облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучунун апасы 8-февралда арыз жазган. Милиция шектүү катары 45 жаштагы өгөй атасы кармаган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми облустук оорукананын башчысынын орун басары Нургүл Момбекова «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, кош бойлуу кыз облустук ооруканага 16-февралда жаткырылган. Текшерүү учурунда анын 27 апталык боюнда бар экени аныкталган. Мындан сырткары, бейтап кичине кезинен эле талманын (эпилепсиянын) оор түрүнө чалдыкканы белгилүү болгон.

«Бейтап ден соолугуна байланыштуу ичиндеги баланы убагына жетип төрөй албайт. Анын үстүнө баланын баш сөөгү өспөй калганы аныкталды. Боюнан операция жолу менен алдырыш керек», — деди Нургүл Момбекова.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>