Кыргызстан жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ооруларынан таза аймак деген эл аралык макамды алууну көздөөдө«Ынтымак» командасы Таласта көк бөрү боюнча Жеңиш кубогун жеңип алдыМинистрлер Кабинети үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берүү үчүн «бирдиктүү терезе» принцибин киргизүүдөБишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болот
Талас: Өспүрүмдү өлтүрө сүзгөн айдоочу колго түштү
19.10.2021 | 10:40
15-октябрь түнү саат 03:50 чамасында Манас районунун Чоң-Капка айылынын Гребень-Плотина жолунан түштүктөн түндүктү көздөй Toyota Windom унаасын башкарып келе жатып өспүрүмдү сүзүп алган. Окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Окуучу болсо ошол жерден көз жумган. Милициянын ыкчам аракетинен Манас районунун Май айлынын 30 жаштагы К.А. аттуу тургуну кармалды. Бул туурасында Талас облустук милициядан кабарлашты.
Райондук сот 2 айга камоо чечимин чыгарды. Учурда тергөө жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом