Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 4-сапка түштү
19.10.2021 | 10:27
Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунга түшүп калды. Мындай маалымат дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий (UWW) сайтына жарыяланды.
Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунан кийин рейтинг кайрадан жаңыланган. Биринчи орунда венгриялык Тамаш Лёринц, экинчиде орусиялык Роман Власов, үчүнчүдө азербайжандык Санан Сулейманов жайгашты.
Акжол Махмудов буга чейин рейтингде экинчи орунда болчу. Анда 44 упай бар.
“Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов. Быйылкы Норвегияда өткөн дүйнө чемпиондугуна катышкан эмес.

Рубрики: Жаңылыктар, Спорт