БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Талас району көк бөрү боюнча өлкө чемпиону болду
23.02.2024 | 09:57
Көк бөрү боюнча райондор аралык өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдешке ар бир облустан бирден район жана Бишкек жана Ош шаарынан бирден команда катышты. Оюн Бишкектеги “Аккула” ат майданында өттү.
Мелдештин жыйынтыгы:
1-орун – Талас району (Талас облусу);
2-орун – Ак-Суу району ( Ысык-Көл облусу);
3-орун – Сокулук району (Чүй облусу);
4-орун – Сузак району (Жала-Абад облусу).
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Райондор аралык өлкө чемпионаты биринчи жолу өткөрүлдү. Аны Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Көк бөрү федерациясы уюштурду. Оюндар 17-22-февраль күндөрү болуп өттү.