Бакыт Төрөбаев Россияга Кыргызстанда биргелешип продукция чыгарууну сунуштадыХакерлер Telegram аркылуу iPhone’го вирус жуктурууда — Касперскийдин эскертүүсүАкыйкатчы Орусиядан которулуп келген студенттер окуудан чыгарылат делген окуя боюнча Башкы прокуратурага кайрылдыБермет Барктабасова гемодиализ боюнча мыйзам бузуулар кандайча жаралышы мүмкүн болгонун түшүндүрдүСаламаттык сактоо министри жол кырсыгынан жабыркаган адамды куткарган КММАнын студентин сыйладыКыргызстанда алгачкы жолу ДНК-изилдөөлөр боюнча эксперттер сертификатталды
Таласта 10 күндөн бери 14 жаштагы кыз табылбай жатат. Ата-энеси жардам сурайт
15.08.2024 | 15:14
Талас шаарынын 2010-жылы туулган тургуну Акылай Болотбекова изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Өспүрүм 5-август күнү саат 18:00 чамасында үйүнөн борбордук аянтка багыт алып, чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Кыздын туугандары жана милиция коомчулуктан издөө иштерине көмөктөшүүгө жардам сурайт.
Акылайдын өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 150-155 см, сары жүздүү, көзү күрөң түстө, чачынын түсү кара, дене түзүлүшү арык-чырай.
Кийген кийимдери: үстүндө ак жана кара түстөгү сызыктан футболка, астында көк түстүү джинсы шым.
Байланыш номерлер: 102, 03422 5 23 10, 0502 73 73 10.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом