Таласта 110 үй-бүлөгө бизнес баштоо үчүн 100 миң сомдон берилди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев мамлекет менен “Социалдык келишим” түзүп, жеке бизнесин ачууну чечкен жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон тапшырды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Салтанаттуу иш-чара Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында болуп өттү. Сертификаттарды 110 үй-бүлө алышты.
“Социалдык келишим” мамлекет башчысынын демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары ишке ашырылууда. Мындай жардамды мамлекеттен алуу биздин жарандардын аң – сезимин өзгөртүүгө мүмкүндүк берет-жөлөк пулдарды пассивдүү алуучулардан алар эмгек рыногунун активдүү катышуучулары болуп калышат.
Былтыркы “Социалдык келишим” ишке ашыруунун мониторингине ылайык, жактырылган бизнес-пландардын 59% айыл чарба (мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, аарычылык, күнөсканалар, канаттуулар чарбасы), 24% тигүү, темир – бетон буюмдарын өндүрүү, терезелерди, эмеректерди даярдоо, самын жасоо тармактарында ишке ашырылган. Алынган каражаттардын дагы 10% коомдук тамактануу, такси, курулуш, сулуулук, автодиагностика, массаж жана башка кызматтарды көрсөтүү бизнесин ачышкан. Дагы 7% соода тармагында иштешет”, – деди министр.
Кудайберген Базарбаевдин айтымында, ар бир “социалдык келишим ” орточо беш адамдын жашоо шартын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Ушул жылы 10 миң контракт түзүлгөн учурда мамлекет 50 миңдей адамдын жашоо шарттын жогорулатууга ниеттенүүдө.
[image_carousel source=”media: 183741,183742,183743,183744″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз