Кыргызстан биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланды, ал эми Германия — биринчи жолу өтпөй калды

04.06.2026 | 18:20
Башкы Ассамблеяда БУУ

Кечээ күнү Башкы Ассамблеяда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Германия биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланбай калды. Берлин добуш берүүнүн жыйынтыгын «оор жеңилүү» деп атады.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш жаңы туруктуу эмес мүчөсүн шайлоонун жыйынтыгында Германия Австрия менен Португалияга утулуп, өз тарыхында биринчи жолу керектүү көлөмдөгү добушту ала алган жок.

Германиянын ТИМ башчысы Йоханн Вадефуль

Германиянын ТИМ башчысы Йоханн Вадефуль ГФРдин (Германия Федеративдик Республикасы) БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө биринчи жолу шайланбай калышына Россияны күнөөлөдү.

Анын айтымында, Москва Германиянын талапкерлигине терс мамилени калыптандырууга салым кошкон имиш, бирок эч кандай далилдер келтирилген эмес.

Ошол эле учурда белгилей кетсек, шайланган жакынкы талапкер — Австрияга жетүү үчүн Германияга 27 добуш жетпей калган: ГФР 104 добуш алса, Австрия 131 добуш топтогон, муну кокустук деп айтуу кыйын.

Эскерте кетсек, Кыргызстан да БУУнун Коопсуздук кеңешинин курамына биринчи жолу шайланды.

Республика Азия-Тынч океан тобунун атынан чыкты. Талапкер шайлануу үчүн добуш берүүгө катышкан БУУга мүчө мамлекеттердин кеминде үчтөн экисинин (129дан кем эмес добуш) колдоосуна ээ болушу керек эле.

Азия-Тынч океан тобунан орун алуу үчүн Филиппин да ат салышты. Добуш берүү талапкерлердин бири керектүү добушту топтогонго чейин уланды. Бул учурда төрт тур талап кылынды. Төртүнчү айлампада Кыргызстан 142 добуш алды.

2027-жылдын 1-январынан тарта Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө катары Австрия, Зимбабве, Португалия, Тринидад жана Тобаго да кирет. Алар Греция, Дания, Пакистан, Панама жана Сомалини алмаштырат.

Учурдагы туруктуу эмес мүчөлөрдүн ыйгарым укуктары 2026-жылдын 31-декабрында аяктайт.

КР ТИМ кызматкерлери республиканын

Белгилей кетсек, КР ТИМ кызматкерлери республиканын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы тууралуу чечимди кол чабуулар менен тосуп алышты — алар Нью-Йорктогу добуш берүүнүн жыйынтыгына түз эфирде көз салышты.

Өз кезегинде Кыргызстандын президенти республика бул шайланууну эл аралык коомчулуктун жогорку ишениминин белгиси, ошондой эле уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттердин алдындагы чоң жоопкерчилик катары карай турганын билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
«БУУнун Коопсуздук кеңешине 2027–2028-жылдардагы мүчөлүк мезгилинде Кыргызстан эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактардын алдын алууга, превентивдүү дипломатияны өнүктүрүүгө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоого, эл аралык системада чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө, ошондой эле глобалдык коопсуздук контекстинде климаттык, суу, тоо жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган артыкчылыктарды ырааттуу илгерилетүүгө ниеттенүүдө», — деп жазды мамлекет башчысы социалдык тармактарда.

Садыр Жапаров КРнын талапкерлигин колдогон бардык өлкөлөргө ыраазычылык билдирип, өлкө БУУнун Коопсуздук кеңешинде жоопкерчиликтүү, конструктивдүү жана ачык өнөктөш болууга даяр экенин ырастады.

«Биз БУУнун тарыхындагы жаңы баракты жазууга катышабыз. Куттуктайм, мекендештер!» — деп баса белгиледи ал.

Кыргызстандын президенти шайлоо өнөктүгүнө татыктуу катышкандыгы жана конструктивдүү атаандаштыгы үчүн Филиппинге өзүнчө ыраазычылык билдирди.

Scroll to Top