Таласта элди шайлоо участокторуна атайын даярдалган унаалар менен ташып  жатышат — видео

Таласта элди шайлоо участокторуна атайын даярдалган унаалар менен ташып  жатышат — видео

Таласта элди шайлоо участокторуна атайын даярдалган унаалар менен ташып  жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, жеткирүүнү эки саясий партия уюштуруп жатат.

Kloop.kgнин маалыматы боюнча, Ош шаарында No 5278 шайлоо участогундагы өкүлдөрү келген шайлоочуларды өзүнчө тизмелер менен белгилешүүдө. Ушундай эле көрүнүш Бишкекте No1039 участкасында дагы катталды.

Ош жана Бишкек шаарларында дагы бир нече шайлоо участкаларына шайлоочуларды маршруттук атайын таксилер ташып жатат.

Мындан тышкары Бишкектеги No1005 жана No 1247 шайлоо участкаларына аскер кызматкерлерин алып келип добуш бердиришти. Ал эми No1398 шайлоо участогунда жашы өтүп калган аялдардын добуш берүүсүнө кичи автобус даярдалган.

Бул маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаро шайлоочуларды ташуу мыйзам бузуу эмес экенин белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>