Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Таласта кызматтагы адамдын диплому жасалма экени аныкталды
30.03.2023 | 15:49
Талас шаарынын мэриясынын ММБнын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу жасалма дипломдун негизинде аталган кызматты аркалап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Д.Э. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку билим жөнүндө жасалма дипломунун негизинде аталган кызматты ээлеп турганы аныкталды.
“Бул факты боюнча жогорку билими тууралуу жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом